“Сорос-Кыргызстан” фонду ЖАМКга 5,4 млн сомдук медициналык каражаттарды берди

“Сорос-Кыргызстан” фонду ЖАМКга 5,4 млн сомдук медициналык каражаттарды берди

“Сорос-Кыргызстан” фонду Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жардам катары медициналык каражаттарды тапшырды.

ЖАМКын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жардам COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн берилген.

Медициналык каражаттарды тапшыруу иш-чарасына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын төрагасынын орун басары Рахат Жапаров, “Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Айбек Муканбетов катышкан.

Көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 5 492 600,00 сомду түзгөн.

Эске сала кетсек, “Сорос Кыргызстан” фонду коомдук фонду ЖАМКга август айында да 67000 долларга медициналык каражаттарды берген.
[su_image_carousel source=»media: 51036,51037,51038,51039″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>