Жалал-Абадда кафенин күзөтчүлөрү тургунду сабаган деп кармалды

Жалал-Абадда кафенин күзөтчүлөрү тургунду сабаган деп кармалды

Жалал-Абад тургунду сабаган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-октябрда милицияга 41 жаштагы А.Д. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 27-октябрда саат 23:00 чамасында шаардагы кафелердин биринде күзөтчү кызматында иштеген бейтааныш адамдар аны эч бир себепсиз сабап салган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси (өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция 20-декабрда кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Н.К. жана 24 жаштагы Д.С. аттуу тургундарды кармаган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кылмыш ишине шектелген жарандардан жабыр тарткандар болсо, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылуусун суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>