Кыргызстанда айрым жолдорго акы алына баштайт. Кайсы жолдор?

Кыргызстанда айрым жолдорго акы алына баштайт. Кайсы жолдор?

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги акы төлөнүүчү жолдор боюнча түшүндүрмө берди.

«Акы төлөнүүчү жол — бул айдоочулардан белгилүү бир акы алынуучу унаа жолу. Төлөмдүн бул түрү жолду курууга жана күтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн киргизилүүдө. Көбүнчө жогорку ылдамдыктагы жолдор, көпүрөлөр жана тоннелдер үчүн акы төлөнөт.

Акы төлөнүүчү жолдордун максаты – бул жолдун кыйла кыска жана коопсуз болушу, анда аң-чөнөктөр жок, анткени бул жолго башка асфальт буласы төшөлгөн. Ошондой эле, бул жолдор тыгындарды азайтып, көздөгөн жериңизге тезирээк жетүүгө мүмкүндүк берет. Ошого жараша жол кыска болсо, бензинди аз сарптайсың. Жолдун өзүн-өзү камсыздоосу маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат, унаа ээлеринин бардык төлөмдөрү мамлекеттик бюджеттин түйшүгүн жеңилдетүү менен жолдорду тейлөөгө кетет. Мындан тышкары, система жаңы жумуш орундарын камсыз кылат, бул да жакшы жагдай болуп саналат.

Акы төлөнүүчү жол алар үчүн жүктөрдү тез жеткирүү маанилүү болгон транспорттук компаниялардын арасында көбүрөөк суроо-талапка ээ. Бул кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына таасирин тийгизет, бирок келишимди жабуунун шашылыштыгы маселеси келип чыкканда, материалдык негизи экинчи планга өтөт. Айтмакчы, мындай трассалардан жеңил унаалардын айдоочулары да айланып өтүшпөйт.

Бул эмне болгон фонд? Жана бул чегерүүлөрдү кандайча аткаруу пландалууда? Ооба, албетте, мында да коррупция болот, адаттагыдай эле…

Министрлер кабинети тарабынан жүк унааларынан жана автобустардан алына турган жыйымдардын өлчөмү белгиленди. Баалар социалдык багытта болот, анткени эсептөө минималдуу эмгек акынын негизинде жүргүзүлгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, орточо айлык акы 18 493 сомду түзөт, ал эми эмгекке жарамдуу адам үчүн жашоо минимуму 7 242 сом болуп саналат.

Жашоо минимумунун жана орточо эмгек акысынын катышынын негизинде жолдун бир чакырымы үчүн 1,16 сомго барабар болгон чогултуунун минималдуу ченемин эсептөө принциби колдонулган.

Ошондой эле эсептөөлөр транспорттун категориясын эске алуу менен, жолго карата анын эскиришине, демек оңдоого жана учурдагы абалына жумшалган чыгымдардардын өсүшүнө алып келген жүктөмдүн принциби боюнча жүргүзүлөт. Бирок жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар үчүн жүргүнчүлөрдү ташуудагы финансылык таасирди азайтуу максатында 10 жана 20 пайыздык өлчөм алынган.

Жыйымды чогултуу адамдын катышуусуз атайын система аркылуу ишке ашырылат, бул транспорттук кыймыл учурунда коррупциянын пайда болушун толук жокко чыгарат. МЖӨ долбоорунун алкагында жеке өнөктөш салмакты жана өлчөмдөрдү көзөмөлдөө процессин толук автоматташтыруу үчүн тиешелүү инфраструктураны курат. Кошумчалай кетсек, алгачкы баскычта белгиленген тарифтердин 30% өлчөмүндө төлөм алынышы күтүлүүдө.

Коё туруңуз, бардык эле жолдорго акы төлөнбөйт?!

Акы төлөнүүчү жолдор инновация эмес, ал тургай көзгө көрүнгөн келечек да эмес, бул — реалдуу чындык. Анткени бардык магистралдар үчүн жыйым алынбайт, стратегиялык маанилүү коридорлор гана акы төлөнүүчү болот:

Бишкек—Нарын—Торугарт;

Ош—Сары-Таш—Эркечтам;

Ош—Сары-Таш—Карамык;

Эркечтам—Сары-Таш—Карамык.

Бул калктын жашоосуна анчалык деле таасирин тийгизбейт, анткени салыктын өлчөмү орто статистикалык кыргызстандык жарандын минималдуу эмгек акысынан гана каралган.

Мисал катары акы төлөнүүчү унаа жолдорун ийгиликтүү киргизген жана бул кейсти жигердүү колдонуп жаткан бир катар өлкөлөрдү келтирсек. Акы төлөнүүчү унаа магистралдары 30дан ашуун өлкөдө бар. Дүйнө жүзү боюнча 25 млн км жол эсептелсе, анын ичинен 150 миң чакырымы үчүн акы алынат. Алар Европа өлкөлөрүндө, Түштүк Кореяда, Японияда, АКШда, Россияда жана башка мамлекеттерде мындай жолдор бар.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен акы төлөнүүчү жолдордун алдынкы тутумдарынын бири Францияда болуп саналат. Бул трассалар боюнча жүрүү акысы жолдун узундугуна жараша 17ден 39 еврого чейин барат. Жалпысынан дүйнөдө жолдорду пайдалануу боюнча белгилүү бир стандарттык схемалар жок» деп айтылат түшүндүрмөдө.

Буга чейин Кыргызстанда Транспорт министрлиги алдында Жол фонду түзүлүп, айрым жолдордон айдоочулардан акы алынаары, ал каражатка жолдор оңдолоору айтылган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>