Спикер Мамытов атасы алган ири насыя тууралуу пикирин билдирди

Спикер Мамытов атасы алган ири насыя тууралуу пикирин билдирди

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Талант Мамытовго журналистер тарабынан атасынын «АзияУниверсалБанктан» алган ири насыясы тууралуу суроо берилди.

Талант Мамытовдун атасы Турдумамат Мамытов 2009-жылы ноябрда уулунун кепилдиги менен 250 миң доллар насыя алган.

Эл өкүлү насыя төлөнгөнүн, соттун чечими бар экенин билдирди.

«Бул маселе 2010-жылга чейин болгон. Мен оппозицияда 6 жыл жүрдүм. Менин артыман бир топ куугунтуктоо иштери жасалган. Бирок анда дагы бул маселе көтөрүлгөн эмес. Анткени баары мыйзамдуу чечилген. Соттун чечимдери бар. 2010-жылы июнь коогалаңында ишкерлик жабыркаган. Менин атам да ишкер болгондуктан, анын да бизнеси жабыркаган. Атам насыя алганы чын, ал төлөнгөн. Мен мамлекеттен эч нерсе жеген эмесмин, мындан ары да жебейм», -деди Талант Мамытов.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов ошол кезде Тогуз-Торонун прокурору болуп турган. Мамытов «АзияУниверсалБанктан» Жалал-Абаддагы филиалынан атасына насыя алып берген. Алар Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылындагы Өзбекстан менен чектешкен жердеги чоң соода комплексин банкка күрөөгө коюшкан. Ага Талант Мамытов өзү кепилдик берип, колун коюп, атасына 250 миң доллар насыя алып берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>