Сулайманов: Кыргызстандын негизги байлыгы эл — видео

Сулайманов: Кыргызстандын негизги байлыгы эл — видео

Кыргызстанда экономиканы алдыга сүйрөй турган негизги байлык  — эл. Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги “Бир-Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов  “5-каналдын” эфиринде айтты.

Ал коңшу Казакстан менен Орусияны мисал келтирип, аталган өлкөлөрдүн негизги артыкчылыгы  жаратылыш байлыктары экенин белгилеп өттү.

“Кыргызстан деңизге чыга албайт, жолдорубуз туюк, аба каттамыбыз кара тизмеде, нефтибиз же газыбыз жок. Мактанган алтыныбыз дүйнөдө элүүнчү орунда. Бизде негизги байлык эл. Элге эркиндик берүү керек, алар 5 мүнөттө паспорт алып, үйдө олтуруп иштерин жасашы керек.  Мамлекетке салык түшө турган жумуш орундарын түзүп, бардык кызматты элге жеке менчик ишканаларга бергенде алар өзүн-өзү багат. Бул либерализм. Ал эми мамлекет сырткы жана ички коопсуздукту, чек араны, муктаждарды кароо керек”, — деди Сулайманов. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>