Сулуулук салондорго дарыларды мыйзамсыз ташыган факт аныкталды

Сулуулук салондорго дарыларды мыйзамсыз ташыган факт аныкталды

Бишкек шаарында дары-дармектерди системалуу түрдө аткезчилик жолу менен ташып келүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан аткезчиликке жана көмүскө каражаттарды легалдаштырууга басым жасаган кылмыштуу топторду аныктоо үчүн коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, дары-дармектерди системалуу түрдө аткезчилик жолу менен ташып келүү жөнүндө маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, Бишкектин аймагында медициналык эстетикалык косметологияга адистешкен бир катар сулуулук салондору жана сулуулук клиникалары иштейт. Ошол эле учурда, алар колдонулган медициналык препараттар тиешелүү экспертизалардан өтпөй тургандыгы аныкталды, бул КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, сулуулук клиникаларында жогорку сапаттагы дары-дармек эмес, контрабандалык жол менен алынып келинген дары-дармектер колдонулат, бул аллергиялык реакциялар, анафилактикалык шок, сезгенүү жана инфекциялык процесстер, сепсис, жумшак ткандардын некрозу жана гематомалар сыяктуу шаар тургундарынын жана жалпы Кыргызстандын жарандарынын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу зыян алып келет.

Бул өз кезегинде жакынкы келечекте улуттун генофондунун бузулушуна алып келиши мүмкүн, анткени учурда Кыргызстандын көпчүлүк жаш кыздары косметологдордун кызматына кайрылышууда. Учурда топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>