Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыктыБишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болдуБишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат3-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, айрым аймактарда жаан жаайтЫсык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти
Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалды
15.04.2025 | 12:20
Нурлан Жумаев айыл чарба министринин орун басары жана Суу ресурстары кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
51 жаштагы Нурлан Жумаев Казак айыл чарба институтун жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Токой чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана агроөнөр жай тармактарында иштеген. Ал 2024-жылдын март айынан бери Айыл чарба министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат