Ошто 70тей көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланатӨКМ: Тоолуу аймактарда 10–12-майда сел жүрүү коркунучу барСокулукта 5 күндөн бери изделип жаткан өспүрүм табылдыБишкекте 9-май күнүндөгү иш-чараларда коопсуздук чаралары күчөтүлөтБорбор Азия өлкөлөрү сугат мезгилинде Токтогул ГЭСинен суу берүүнүн көлөмүн макулдаштыМонополияга каршы кызмат: Кыргызстандагы баалар эң жогору эмес — уй эти жана бензин боюнча маалыматтар
Сузакта мугалим мектеп окуучусун сабаган видео тарады
25.05.2022 | 20:24
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаров айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте мугалим окуучуну сабап жаткандагы видео социалдык тармакка жайылууда.
Ал видеодо мугалим “сен менин кызым менен теңсиң, оозуңду жап”-деп утур-утур айтып, башка көзгө койгулап жатканын көрүүгө болот. Классташтары мугалим эжейин сооротуп, “эжей болдуңуз эми”- деп жатканын угууга болот. Видеону болсо ошол мектеп окуучулардын бирин тартып жатканы байкалат.
Социалдык тармакта мугалим окуучуну сабаган видео тараган. Маалыматтарга караганда, окуя 23-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бөкөнбаев орто мектебинде болгон. Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар