Сузакта сойкукана жана баңгикана табылды

Сузакта сойкукана жана баңгикана табылды

Жалал-Абаддын Сузак районунда сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонууга ыңгайлаштырылган көмүскө жай табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, май айынын аягында райондук милицияга Ош — Бишкек унаа жолундагы мейманканалардын биринде кыздар кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат жана психотроптук заттарды колдонуу үчүн жай уюштурулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул ишти иликтөө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына тапшырылган.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 30 жаштагы жаран Т. аттуу жаран кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>