Кыргызстан менен Орусия саламаттыкты сактоо тармагында кызматташтыкты кеңейтүүдөКаратал-Жапырык коругунда сейрек кездешүүчү канаттуулар изилдендиБишкекте 16 томдук «Кыргыздардын тарыхынын» үстүндө иш улануудаКРСУнун студенти илимий иштердин бүкүл россиялык сынагынын жеңүүчүсү болдуКыргызстан менен Тажикстан жаңы чек ара мамыларын орнотуштуКыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүнүн 2026–2028-жылдарга карата программасы бекитилди
Сузакта жоголгон 9 жаштагы Сумаянын сөөгү табылды
28.11.2021 | 10:42
Жалал-Абад облусунда 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык түйүндөрдө билдирди.
«9 жаштагы Сумай табылды… сөөгүн дарыя алып кеткен. Ал суук мезгилде дарыяга кантип барышы белгисиз бойдон калууда. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам», — деп жазган укук коргоочу өз баракчасында.
Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аны 27-ноябрда Арал айылынын аймагынан, Көгарт дарыясынын жээгинен табышкан. Сөөктү кыздын атасы тааныган.
Сумая Хосилжанова 18-ноябрда мектепке барып, дайынсыз жоголгон. Туугандары кызды табууга жардам берүү өтүнүчү менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар