Бут кийимден 100 миң сом табылды. Тергөөчүнүн кармалган видеосу

Бут кийимден 100 миң сом табылды. Тергөөчүнүн кармалган видеосу

Свердлов РИИБдин тергөөчүсү опузалап пара алып аткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында, опузалап пара талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөөчүсүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 11-апрелинде ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен тергөөчү Ж.А.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.А.Т. кылмыш ишин тергөөдө, жеке баюу максатында, жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>