Талас: Мал базардагы уурулук боюнча экинчи шектүү кармалды

Талас: Мал базардагы уурулук боюнча экинчи шектүү кармалды

Таластагы мал базарда 30-апрелде болгон акча уурдоо фактысы боюнча экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, шектүү делип 42 жаштагы И.А. аттуу жаран кармалган. Ал Талас облусунун тургуну, учурда Бишкекте жашайт.

Эскерте кетсек, 30-апрелде соцтармактарга Таластагы мал базарда «акча уурдоого» шектүү адам кармалганы тууралуу видеолор чыккан. Видеолордон көрүнгөндөй, эл «уурулук кылган» адамды ур-токмокко алып, андан кийин темир мамыга байлап койгон.

Аталган окуядан кийин милицияга М.И. жана К.Ж. уулу аттуу облус тургундары арыз менен кайрылып, бири 60 миң, экинчиси 6 миң сом акчасын уурдатканын билдирген.

Облустук милициядан билдиришкендей, шектүү катары кармалган жаран Ысык-Көл облусунун ​ Григорьевка айылынын ​34 жаштагы А. Э. ​аттуу тургуну болот. Анын жанынан ​35,2 миң сом акча табылып алынган.

«Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында ​аймактык ооруканага алынып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген эместиги аныкталды», — деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле, ал эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери уланып, анын алкагында шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө.

Кармалган эки шектүү тең мурда соттолгондор.

Талас: Мал базарда эл «чөнтөкчүнү» кармады. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>