Жалал-Абаддагы үч райондун милициясына жаңы унаалар берилди

Жалал-Абаддагы үч райондун милициясына жаңы унаалар берилди

Жалал-Абад ОИИБде жаңы автоунаалар жана сыйлыктар тапшырылды.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 28-апрелде ИИМдин коллегиясынын алдында аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар тапшырылган.

Бүгүн, 2-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына берилген «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмдөрүнө тапшырылды.

Жаӊы автоунаалардын ачкычтарын Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине берип, автоунаалар кызматтын кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланылышы керектигин белгиледи.

Жарандардын кайрылган бардык чакырууларына ыкчам жетип барып чара көрүү, ар түрдүү окуяларга жеринде бөгөт коюу, кылмыштын бетин ачуу, күнү-түнү талыкпастан иш алып баруу зарылдыгын айтты. Коюлган милдеттерди так аткаруу, Кыргызстандын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу багытында талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Ошондой эле «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууга жигердүү катышкандыгы, мыкты даярдыгы, көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү жана чеберчилиги менен аскердик жана укуктук тартипти жогорку көрсөткүчтө көрсөткөндүгү үчүн бир катар кызматкерлер Коргоо министрлигинин жана Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>