Таласта 55 млн сомдук 14 га жер мыйзамсыз берилип кеткен

Таласта 55 млн сомдук 14 га жер мыйзамсыз берилип кеткен

Талас облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттки комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас районунун Калба айыл аймагынын жана «Кадастр» мекемесинин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери алдын ала сүйлөшүп алып, турак жай куруу үчүн жалпы аянты 14 гектар жер тилкелерин мыйзамсыз берип жиберишкен.

Алдын ала эсеп боюнча мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 55 млн сомду түзөт.

«Учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жогорудагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>