Таласта коррупциялык иш аныкталды

Таласта коррупциялык иш аныкталды

Талас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгында коррупциялык механизмдер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Таластын мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү  (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«2022-жылы Талас шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы «Байбарс-Курулуш» ЖЧКсы менен шаардык сейил багын куруу боюнча 4 млн 880 миң сомго келишим түзгөн. Ошол эле учурда атайын адистерди тартуу менен текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин наркын ашыкча баалоо фактылары аныкталып, анын натыйжасында мамлекетке 2 млн 100 миң сомдон ашык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, сейил бак курууга долбоордук-сметалык документтер такыр иштелип чыккан эмес, бул нерсе мыйзамсыз курулуштарды жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууну билдирет.

Учурда бул ишке кайсы кызмат адамдардын катыштыгы бар экенин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>