Таластагы менчикке берилген мектептин жери өкмөткө өттү

Таластагы менчикке берилген мектептин жери өкмөткө өттү

Талас облусттук прокуратурасы тарабынан мектепке тиешелүү 3 млн 750 миң сомго бааланган 0,75 га жер тилке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүдө, Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2003-жылы жана 2009-2011-жылдар аралыгында жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу менен К.Султаналиев атындагы орто мектепке тиешелүү болгон 0,75 га жер тилкесин 5 жаранга жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.
Жогоруда аталган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу максатында облустук прокуратура тарабынан сот органына 5 доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Жыйынтыгында, Талас областтык прокуратурасы тарабынан Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысынын наамына прокурордук талап келтирилип, натыйжада 3 млн 750 миң сомго бааланган 0,75 га жер тилке аталган айыл өкмөттүн балансына алынып, К. Султаналиев атындагы орто мектебине өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>