Таластан кармалган илбирс Бишкекке алынып келинди

Таластан кармалган илбирс Бишкекке алынып келинди

Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар жарадар болгон ак илбирсти кармашты. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды. 

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар дарактын башына чыгып алган илбирсти көрүп, экотехинспекциянын кызматкерлерине маалымат беришкен.

Андан соң Экотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын жардамы менен илбирсти дарактын башынан түшүрүшкөн.

Reporter.kg`ге өздүк булактар кабарлагандай, кармалган илбирсти Экотехинспекциянын жана Германиянын Жаратылышты коргоо уюмунун кызматкерлери (НАБУ) 10-январга караган түнү Бишкекке алып келишкен.

“Учурда дарыгерлер илбирстин ден соолугуна текшерүү жүргүзүп жатышат. Ал ар кандай жаракаттарды алган. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыкса жырткычты кое берүү жагы каралат”, — деди өздүк булак.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>