Таластык аял 15 жылдан кийин «Хизб ут-Тахрир» уюмунан баш тартты

Таластык аял 15 жылдан кийин «Хизб ут-Тахрир» уюмунан баш тартты

УКМК тарабынан диний экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу максатында, Талас районунда профилактикалык түшүндүрмө иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Талас районунун Арашан айылынын тургуну С.Ж.Ж. 2007-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Хизб ут-Тахрир” диний экстремистик уюмунун катарына кабыл алынып, тыюу салынган адабияттарды пропагандалоо жана таратуу менен активдүү алектенгени аныкталды.

Радикалдуу көз караштардан баш тартууга багытталган тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында, С.Ж.Ж. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, мыйзамсыз аракеттеринен өз  каалоосу менен жана ыктыярдуу түрдө баш тартып, бул уюмдун ишмердигине жол берилбестиги тууралуу билдирүү жасоо менен Кыргызстандын жарандарын “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

УКМК экстремизм жана терроризм кыймылдарына каршы, алдын алуу максатында иш-чараларды тынымсыз жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>