Тармактык комитет «Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушун четке какты

Тармактык комитет «Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушун четке какты

29-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Гуля Кожокулова менен Адахан Мадумаров тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоорун четке какты.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору депутат Адахан Мадумаров тарабынан даярдалган. Ага ылайык, 14 жашка чейинки балдары бар ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлѳргө) ай сайын «айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун берүү сунушталган. Анын өлчөмү өлкөдөгү жашоо минимумунан кем болбошу каралган. Кыргызстанда жашоо минимумдун орточо ѳлчѳмү чоңдор үчүн 7 миң 501 сомду, ал эми балдар үчүн 6 миң 415 сомду түзөт.

Ошол эле учурда, аймактарда жашап, башка жөлөкпул (мисалы, «үй-бүлөгө көмөк») алгандар эки жөлөкпулдун бирин тандап алууга укугу бар. Учурда Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө берилген «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 1,2 миң сомду түзөт.

Бирок Каржы министрлиги депутаттын демилгесин колдобой турганын билдирип, алар «бирөөнүн багуусунда болууну» (иждивенчество) көбөйткөн жана Кыргызстандын жарандарынын экономикалык активдүүлүгүн чектеген жаңы жөлөкпулдун киргизилишине каршы экенин маалымдашкан.

«Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушталды. Өзгөчөлүгү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>