Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан бир аял, 5 жашар кыз каза болду

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан бир аял, 5 жашар кыз каза болду

Таш-Көмүр — Кара-Көл жолунда катталган кырсыктан аял менен 5 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 24-июлда Бишкек—Ош унаа жолунун 402-чакырымында катталган. Анда айдоочу унааны башкара албай, жолдун сол тарабына түшүп кеткен.

«Жабыркагандар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Алар төрт адам, эки аял эки кичинекей бала. Бир аял ооруканага жетпей каза болсо, бири буттары сынып, ар кандай жаракаттарды алган. Ал эми  эки кичинекей балдардын бири каза болсо, бирөө ооруканада жатат», — деп билдиришти башкармалыктан.

Буга чейин окуянын күбөсү жеңил унаа жардан кулап кеткенин жана жабырлануучуларга жарандар жардам бергенин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>