Үч адамдын өлтүрүлүшү: Маркум аялдын апасы көрсөтмө берди (видео)

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Маркум аялдын апасы көрсөтмө берди (видео)

Бүгүн, 26-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Ашыралиевдин иши каралды.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп шектелүүдө.

Бүгүнкү соттук отурумда маркум аялдын (К.А.) 81 жаштагы апасы Ү.Х. көрсөтмө берди. Анын айтымында, ал Ашыралиевди мурда 2-3 жолу көргөн.

16-февралда ал эртең менен кызына телефон чалганда, кызы албай койгон. Ошондо өзүн жаман сезип, үйдөгү адамдарга кызы менен байланышууну суранган. Кызы киши колдуу болгонун билгенинден кийин аны Ашыралиев жасаган деп сезген. Ал кызынын Ашыралиев менен жакын мамиледе экенин билген. Бул тууралуу ага кызы айтып берген.

Кызы Ашыралиевден 2014-жылы уул төрөгөнүн билет. Небереси төрөлгөндө шектүү кызынан кача баштаган.

«Кызым “баламдын атасы жакшы, тамеки чекпейт, ичпейт” деп айтчу», — дейт маркум аялдын апасы.

Ал белгилегендей, 2021-жылы Ашыралиев Баткен округу боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгондо кызы туугандарына кайрылып, ага добуш берип коюуну суранган. Ошондой эле, ага шайлоого деп 100 миң сом же доллар берген (так эсинде жок). Андан тышкары да Ашыралиевге акча берип турган.

Сотто күбө катары көрсөтмө берген маркумдун тууганынын айтымында, К.А., Ашыралиевге телефонуна бирдик, бензинге деп акча салып турчу. Ошондой эле Ашыралиевдин өз аялынын балдарына да кийим-кече алып берчү. Аны «менин балдарымдын бир тууганы» деп түшүндүрчү.

Көрсөтмөлөрдөн кийин аталган иш боюнча экинчи соттук отурум аяктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>