Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ташиев: 3-4 жылда бюджетибиз триллион сомго жетиши керек – видео
03.09.2022 | 18:30
Жакынкы 3-4 жылда Кыргызстандын бюджети триллион сомго жетиши керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2 жыл мурда азыркы бийлик өлкөнү жетектеп баштаганда бюджет 180 млрд сомдун тегерегинде болгон.
“Кийинки жылы 300 миллиардга чыкты. Быйылкы жылы 400 миллиарддан ашабыз деп жатабыз. Келерки жылы 500-600 миллиардга чыгабыз. Президент коюп жаткан талап боюнча, жакынкы 3-4 жылдын ичинде биздин бюджет триллионго чыгыш керек. Ал мындан эки жыл мурдагы бюджеттен 5 эсе көп болот дегенди билдирет”, – деди ал.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом