Ташиев: Айрым саясатчылар шайлоодон кийин баш аламандык уюштурууга  даярданууда

Ташиев: Айрым саясатчылар шайлоодон кийин баш аламандык уюштурууга  даярданууда

Айрым саясатчылар шайлоодон кийин баш аламандык уюштурууга  даярданууда. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Ал айрым талапкерлер, шайлоо өнөктүгүн жүргүзбөй эле башаламандык уюштурууга даярданып жүрүшкөндүгүн айтат.

“Шайлоодон кийин башаламандык болуусу мүмкүнбү? Ооба, бирок биз аны алдын алабыз. Бизде ким эмне менен алектенип жатканы тууралуу маалыматтар бар. Кайсы талапкерлер буга даярданууда билебиз. Жада калса документтештирип, шайлоодон кийин аларга чараларды көрөбүз. Бирок бизде так маалыматтар бар айрым талапкерлер, үгүт өнөктүгүн жүргүзбөй эле шайлоодон кийин башаламандык уюштурууга даярданууда. Мен абдан үмүттөнөм биз буга жол бербейбиз деп. Эгер алар көчөгө 5 миң, 10 миң адам алып чыкса, аларга каршы миллиондогон адамдар чыгыт эл көтөрүлөт. Бирок биз бийликти басып алууга жол бербейбиз”, — деди Ташиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>