Санитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыБир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи
Ташиев: Сурай турган убакыт келди, Садыр Жапаров эмнеге бошотулбайт?
17.07.2019 | 10:19
Сурай турган убакыт келди, элге колдонгон амнистияны эмнеге Садырга (Жапаров- ред.) колдонууга болбойт? Мындай пикирди саясатчы Камчыбек Ташиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал Садыр Жапаровдун бошотулбай жатканы үчүн жакында камактагы саясатчынын тагдырына кайдыгер эмес адамдардын барына кайрыларын айтып, “аракетти баштайбыз, жардам бергиле” деп жазган.
Садыр Жапаров 2018-жылы 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Ушул жылдын апрель айында Жогорку Сот анын жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскарткан. Ал 2013-жылы Караколдо өткөн митингде адамды барымтага алган деп күнөөлөнүп келет.
Рубрики: Саясат