Ташиев: Жамгырчиевди эч ким камабайт, качпай сотко келсин

Ташиев: Жамгырчиевди эч ким камабайт, качпай сотко келсин

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы Кадыров парламенттен 7 иш кагазын алып чыгып, аны Өзбекстанга жөнөткөн. Бул тууралуу жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал Эмил Жамгырчиевге эч кандай саясый куугунтуктоо болбогонун айтты.

“Жамгырчиевдин артынан түшкөн эч ким жок. Ага коюлуп жаткан айып менен буга чейин бир дагы кыргыз жаранын камаган эмеспиз. Сотко өтүп, айып салынган учурлар болгон. Жамгырчиевге айтып койгула келсин, сотко барсын. Аны эч ким камабайт. Азыр дагы качып жүрөт. Кечээ депутат Нилуфар Алимжанованын кабинетинен секирип качып кетиптир. Ал азыр дагы издөөдө эмес”, — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасынын айтымында, Жамгырчиевдин Өзбекстанда жүргөнүн анын жардамчысынын артынан түшкөндөн кийин аныкташкан.

“Бизге парламенттен документтерди үчүнчү жакка берилип жатканы боюнча маалымат түштү. Эл өкүлүнүн консультантты иш кагаздарын Шонуров аркылуу учак менен Ташкентке жөнөтөт. Биздин кызматкерлер Өзбекстанга учуп барса, кагаздарды Жамгырчиев тосуп алып жатпайбы. Ошентип, анан депутаттын качан, кантип бул өлкөгө келип калганын издеп баштадык”, — дейт ал.

Парламенттин жардамчысына Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси менен «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» айыбы менен иш козголду. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>