Жамгырчиев Ташкентте кримтөбөл менен жолугушуу үчүн чек араны мыйзамсыз өткөн

Жамгырчиев Ташкентте кримтөбөл менен жолугушуу үчүн чек араны мыйзамсыз өткөн

Жогорку  Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Өзбекстандын кримтөбөлү «Салим байбача» деп аталган Салим  Абдувалиев менен жолугушуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлү чек араны атайын көзөмөл өткөрүү пункттары аркылуу эмес, мыйзамсыз жол менен кесип өтүп, Ташкентке барып, кайра келген.

«Ал Салимбай Абдувалиевге жолугуп, анын колдоосуна ээ болуу үчүн Ташкентке барган», — дейт Алишер Эрбаев.

Эмил Жамгырчиевге каршы Өзбекстанда дагы өлкө аймагына мыйзамсыз кирүү фактысы менен иш козголду.

«Депутат убактылуу жашаган мейманканада тинтүү жүргүзүлүп, ага тиешелүү коло буюмдар жана  айдоочулук күбөлүгү табылган», — деп айтылат комиссиянын бүтүмүндө.

Эскерте кетсек, Эмил Жамгырчиев шектелип жаткан Кылмыш жаза кодексинин 378 беренеси  боюнча 50 миң-100 миң сомго чейин айып пул жана 2-5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

2022-жылы 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

Депутатка каршы  2018-жылы пара алуу айыбы менен козголгон кылмыш иши сотто кароо дагы кайра жанданды. Ал Бишкек шаарын Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Жогорку Кеңеш буга чейин Башкы прокуратуранын депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүн канааттандырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>