Бишкекте этти арзан баада саткан фудтрактар иштөөдө (даректери)ММКФ 1,8 млрд сом бюджетти өздөштүргөн жок — Эсептөө палатасынын аудитиТаласта мыйзамсыз ташылып келген 20 тонна ун кармалдыСовмин шаарчасындагы унаа дөңгөлөктөрүн уурдоо: Бишкекте шектүүлөр кармалдыЖаздан бери оңдолуп бүтө элек: Тургундар Көк-Дөбө — Ананьево жолунун абалына нааразыКыргызстандын спорттук гимнастикасынын таңы: Азия чемпионатынын финалынын баасы
Таштандыдан табылган ымыркайдын абалы кандай экени айтылды
09.11.2023 | 16:33
Таштанды челектен табылган ымыркай №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин кароосунан өтүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ал айына жетип төрөлгөн, салмагы – 2 кг 210 грамм, жынысы – эркек.
“Төрөт үйүнө жеткирилген учурда бала катуу тоңуп, дене табы 28.4 градуска чейин түшүп кеткен. Андан сырткары, төрөлүү шарты дагы белгисиз болгондуктан, абалы оор болчу. Дарыгерлер ага дароо керектүү жардамды көрсөтүштү. Учурда абалы туруктуу. Тамактанып, өзү дем алып, кувезде жатат. Аны кароого бардык шарттар түзүлгөн”, – дейт министрлик.
Белгилей кетсек, бөбөк Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен кечээ түнү табылган. Учурда Октябрь райондук милициясы анын ата-энесин издөөдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом