«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
Тажик атайын кызматы кыргыз жаранын кармап кетти
08.09.2021 | 16:01
6-сентябрь күнү Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы Баткен облусунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматовду кармап кеткен. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымат таратты.
Билдирүүгө караганда, Кубанычбек Акматов Кыргызстандын аймагында дары чөптөрдү чогултуп жүрүп Үч-Дөбө айылы тарапка барган. Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери аны транзиттик жолдо кармап кетип, ага Тажикстандын жарандарына чөп сатууга аракет кылган деген айып койгон. Кармоо учурунда Кыргызстандын жаранынан болжол менен 100 кг альп ферула чөбү табылган.
Ушул тапта эки өлкөнүн облустук ички иштер башкармалык башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Душанбе шаарынын Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом