Тажик жараны: Рахмондун үй-бүлөлүк башкаруусу үчүн курман болгубуз келбейт

Тажик жараны: Рахмондун үй-бүлөлүк башкаруусу үчүн курман болгубуз келбейт

Тажикстан куралдуу күчтөрү оор ок атуучу техникаларын чек ара аймактарына алып келип, жергиликтүү элди  дүрбөлөңгө салууда. Бул тууралу өз атын атагысы келбеген тажик жаранынын билдирүүсүн Ворух маалымат агенттиги жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Биз кыргыз-тажик ортосунда конфликт болуусун каалабайбыз. Эмомали Рахмондун үй-бүлөлүк башкаруусун сактап калуу үчүн курман болгубуз келбейт. Бийлик элди алаксытуу үчүн атайын чагымчылдык кылууда. Мунун аркасында Рахмондун бийлиги турат. Кыргыздар менен согушмак тургай, чыр чатакты каалабайбыз. Ансызда Тажикстандагы кымбатчылык, оор жашоо жетишет. Ворух айылындагылардын 70-80 пайызы Орусияга көчүп кеткен. Айыл ичинде наркотика колдонгон аскерлерге толуп кетти. Коркуп жатабыз. Бул токтош керек» – деп айтып берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>