Тажикстандын абактарында 11 сотолуучу коронавирустан каза болду

Тажикстандын абактарында 11 сотолуучу коронавирустан каза болду

Тажикстандын бийлиги 30-апрелде өлкөдө коронавирус бар экенин мойнуна алгандан бери түрмөлөрдө 11 соттолуучу каза болду.

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы алар COVID-19дан эмес пневомниядан өлгөнүн билдирүүдө. Башкармалыктын башчысы Мансуржон Умаровдун айтымында, ушул тапта дагы жети кишинин дене табы жогору болуп турат.

Түрмөдө отурган Рахматулло Раджабдын уулу Шухрат Рахматулло атасынын рентген-сүрөтүн дарыгерге көрсөткөн. Ал бейтап COVID-19 менен ооруп жатканын айткан. Шухраттын билдиришинче, атасы сыяктуу эле түрмөдөгү башка кишилер дагы коронавируска тест тапшырган эмес. Аларга керектүү дарылардын баарын туугандары алып беришүүдө.

«Соттолгондорго дары беришпейт. Бир гана беткап беришиптир, аны атам жарабай калганча колдонду. Санитардык норма боюнча беткапты 3-4 саат сайын алмаштырып туруу керек. Атам аны жууп, кайра тагынып турган. Бир градусникти баары колдонушат», – деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>