Тендерден тонолгон акчалар: Жасалма келишим аныкталды

Тендерден тонолгон акчалар: Жасалма келишим аныкталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү кызматында курулушту оңдоп-түзөө иштеринде жасалма келишим түзүү фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тиричилик буюмдарын жана курулуш материалдарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгында жалпысынан 576 миң сомго «Тасма-Групп» Жоопкерчилиги чектелген коом жеңүүчү деп табылган. Бирок, келишим түзүлгөндөн кийин башкармалыктын башчысынын орун басары милициянын майору “М.Н.”  демилгеси менен “Тасма-Групп” Жоопкерчилиги чектелген коомунун директору “А.у.Э.” акча каражатын накталай алып, ортомчулук кызматы үчүн пайыздарды алып салгандан кийин башкармалыктын башчысы полковник “Ш.Н.Ж.”ге берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды жашыруу максатында башкармалыктын башчысынын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча курулуш-тиричилик материалдарын жасалма кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларында далилденген.

Бул иштин материалдарынын негизинде 2021-жылдын 30-ноябрында Ош гарнизондук Аскердик прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери катталган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>