“Теория жана практика” айкалышкан көргөзмөдөн сүрөт баян  

“Теория жана практика” айкалышкан көргөзмөдөн сүрөт баян  

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде белгилүү дизайнерлер, педогогдор, студенттер катышкан «Теория жана практика» аттуу көргөзмө өтүп жатат.

Анда Дизайнерлер бирикмесинин мүчөлөрү, белгилүү дизайнерлер «Уулман» брендинин негиздөөчүсү Инискан Турганказиева, «Mountain Cedar Woolens” брендинин ээси Гулмира Акматова жана “CholponA Design» брендинин автору Чолпон Антониссенс тарабынан даярдалган жүндөн токулган кооз кийимдеринин топтому сунушталган.

Андан тышкары, музейдин өзүнчө залында III Жогорку окуу жайлардын стунденттердин ортосунда керамика, графика жана мода дизайн көргөзмөсү уюштурулган. Көргөзмөнүн коноктору «Алтын ийне» кийим дизайнерлеринин жаштар сынагынын жеңүүчүлөрүнүн эмгектери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстандын Дизайнерлер бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Көргөзмө 30-апрелге чейин уланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>