Кемпир-Абад иши: Рита Карасартова камакта калтырылды

Кемпир-Абад иши: Рита Карасартова камакта калтырылды

Кемпир-Абад иши боюнча былтыр 22-октябрда кармалган укук коргоочу Рита Карасартова эки айга камакта калтырылды.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 19-апрелде Биринчи май райондук сотунда Карасартованын бөгөт чарасы каралып, сот аны 20-июнга чейин камакта калтырган.

Эскерте кетсек, аталган иш боюнча буга чейин Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Улугбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Мамбетжунус Абылов, Талант Эшалиев, Нурлан Асанбеков, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова үй камагына чыккан. Үй камактагылардын катарында мурдагы депутат Канат Исаев да бар. Ал октябрь айындагы жапырт камоолор учурунда 2017-жылдагы иши боюнча кармалган.

Ошол эле учурда, Али Шабдан, Эрлан Бекчороев, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Айбек Бусурманкулов, Атай Бейшенбек, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Акыл Айтбаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Илгиз Шаменовдун (ден-соолугу начарлаганына байланыштуу 10-апрелде ооруканага жаткырылган) камактагы мөөнөтү эки айга узартылган.

2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кемпир-Абад иши: Канча киши камакта, кимдер абактан чыкты?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>