Тилекмат Куренов чет өлкөдөн башпаанек сурап жатканын айтты

Тилекмат Куренов чет өлкөдөн башпаанек сурап жатканын айтты

Саясий куугунтуктан улам өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген жарандык активист Тилекмат Куренов чет өлкөдөн саясий башпаанек сурай турганын «Фейсбуктагы» баракчасындагы түз эфирде айтты.

Куренов учурда кайсы мамлекетте экенин жана кайсы өлкөдөн башпаанек сурап жатканын айткан жок.

«Эртең документтерим даяр болот. Айла жок, башпаанек сураганга аргасыз болуп турам. Себеби акыркы жуманын ичинде беш өлкөгө барсам, беш өлкөгө тең «кармап бергиле» деп өтүнүч жиберишти. «Кармап бербейбиз» деген өлкөлөрдөн «өзүбүз алып кетебиз, уруксат бергиле» деп уруксат алышты. Ушул жакка келгенге мажбур болдум. Бул жактын бийлиги, адвокаты мага толук коопсуздукту убада кылышты», — деди ал.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин маалыматы боюнча, Тилекмат Куреновго (Кудайберген уулу) издөө жарыяланган.

Активист Күрөнов куугунтуктан улам өлкөдөн чыгып кеткенин айтты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>