ТИМ: саякат кемедеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

ТИМ: саякат кемедеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Жапонияда эки жума карантинге алынган саякат кемесиндеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Абдрахманов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Абдрахмановдун айтымында, учурда кыргызстандык жаран ооруканада даарыланып жатат. Анда вирустун жеңил түрү бар экендиги 26-февралда аныкталган.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги ооруканадагы мекендеш менен үзгүлтүксүз байланышта.

Коронавирустан улам карантинге алынган Diamond Princess саякат кемесиндеги вирусту жуктуруп алгандардын арасында кыргызстандык бар экенин  World of Cruising журналы жазып чыккан.

Көп өтпөй  Sputnik Кыргызстан агенттиги кемедеги мекендеш менен байланышканда ал саламаттыгы жакшы экенин айтып, кемеде экипаждын мүчөсү экенин билдирген.

 3700 адамы менен феварль айынын башында Иокогама портунда карантинге алынган кемедегилер 19-феварлдан баштап сыртка чыга баштаган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>