ТИМ: Стамбулдагы учак кырсыгынан эки кыргызстандык жабыркады

ТИМ: Стамбулдагы учак кырсыгынан эки кыргызстандык жабыркады

Стамбул шаарындагы учак кырсыгында жабыркагандардын арасында эки кыргызстандык бар болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, кыргызстандыктар учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

“Жабыркаган кыргызстандык К.Н. жана И.А. аттуу жарандарга Стамбул шаарындагы мамлекеттик ооруканаларда медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун кызматкерлери жабыркаган мекендештерден кабар алышты. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы туруктуу. Жабыркагандар 24 саат бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Андан кийин ден-соолугунун абалына жараша үйүнө чыгарылат же ооруканага жаткырылат”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Pegasus Airlines авиакомпаниясынын учагы 5-февраль күнү Стамбул аэропортунда кырсыкка учураган. Жалпысынан бортто 177 киши болгон, алардын 157си жабыркаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>