БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Токаев Аскар Акаевди жубайы менен кабыл алды
24.06.2022 | 12:14
Кечээ, 23-июнда Нур-Султан шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевди жана анын жубайы Майрам Акаеваны кабыл алды.
Белгилей кетсек, бул күндөрү Аскар Акаев жубайы менен Казакстанда болуп, санариптик экономика жана демографиялык тенденциялар боюнча лекция окуган.
“Касым-Жомарт Токаев Аскар Акаевди жолугушууга чакырды. Алар илим, билим, санариптик экономика маселелерин талкуулашты. Казакстан санариптик экономиканын дооруна кадам таштады жана бул маселелерде Аскар Акаевдин кеңеши жана жардамы казак тарап үчүн маанилүү. Ал дүйнөлүк деңгээлдеги адис, ошондуктан президент Токаев Аскар Акаевден Казакстанга санариптик экономикага өтүүгө жардам беришин каалайт”, – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат