Кыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин карашууда«Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аныкталдыКыргызстандагы «Гриппол Плюс» вакцинасы грипптин актуалдуу штаммдарына ылайык жаңыртылды — Саламаттык сактоо министрлигиОш шаарынын 3026 жылдыгы белгилендиОрусияда жаңы штаммдарга байланыштуу гриппке каршы вакциналар жаңыртылдыБишкектин Кара-Жыгач конушунда 6-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Токаев Путиндин чакыруусу менен Орусияга барат
08.02.2022 | 17:50
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-11-февраль күндөрү Орусияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу орусиялык «Комерсант» гезити Москва жана Нур-Султандагы өз булактарына таянуу менен билдирди.
Гезиттин маалыматына караганда, Орусиянын борборунда казак лидери орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Андан кийин Казанга барат.
Токаевдин өзү буга чейин RTRK.KZ телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде Путиндин чакыруусу менен февралдын орто ченинде Орусияга бара турганын айткан. Ал эми президенттер абдан «маанилүү кызматташтык келишимдерине» кол коюшат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар