Токтогазиев аянттагы башаламандыкта ага ким бронежилет кийгизгенин айтты  — видео

Токтогазиев аянттагы башаламандыкта ага ким бронежилет кийгизгенин айтты  — видео

Тилек Токтогазиев 9-октябрдагы баш аламандыкта эмнеге бронежилет кийип алганын жана аны ким бергендигин “Репортердун” кабарчысына айтып берди.

Министрдин айтымына караганда, башаламандык күндөрү аны куралчан адамдар аңдып жүргөндүктөн бронежилет кийүүгө мажбур болгон.

“Ошол күнгө чейин менин артыман 2-3 күн куралчан адамдар аңдып жүрүшкөн бул факт. Кимдер экенин билбейм. Ошол күнү дагы куралчан 2 киши жүргөн. Темир жол бекети жакта турганда биздин тарапташтырыбыз жан сакчыларды бөлүп берген. Ал эми ылдый бара жатканда сакчылар көзөмөлдөй албай калуусу мүмкүн деп мага бронежилет кий дешкен. Мен чынында билбейм ким берди. Ал жердеги көп адамдардын бири келип, куралчан эки киши жүрөт на всякий случай кийип ал деп  берген”, — дейт Токтогазиев. 

Белгилей кетсек, 9-октябрда Ала-Тоо аянтында Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митинг өткөрүп жатканда Садыр Жапаровдун тарапташтары келип аларды сүрүп чыккан.  Ортодо бир аз убакыт түрткүлөшүү орун алып, таш ыргытуу, мушташ менен аяктаган. 

Ал башаламандыкта азыркы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев башынан жаракат алган. Аны тарапташтары көтөрүп бара жаткан видео интернетке жарыяланып, анда Токтогазиев бронежилет кийип алганы көрүнөт. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>