Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Токтогул суу сактагычы коопту абалда. Эски шаардын орду ачылды – видео
15.04.2021 | 14:19
Токтогул суу сактагычында суу азайып, эски шаардын фундаменттери көрүнүп калды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар социалдык тармакка видео жүктөдү.
“Токтогул суу сактагычында суу азайып, көлдүн астында калган эски Токтогулдагы үйлөрдүн фундаменти көрүнүп калды”, – деп жазышан.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 587 миллионн куб метрди түзөт. Суунун агып келиши секундасына 297 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 182 куб метрге жетүүдө.
Буга чейин 2021-жылдын 1-январына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,25 миллиард метр кубду түзүп, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 миллиард метр кубга аз (14,95 млрд м3) экени айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом