Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан 2,9 млрд метр кубга аз
03.11.2021 | 16:19
Күз-кыш мезгилинин башына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан 2,9 миллиард метр кубга аз болду. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.
Анын айтымында, 3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,9 млрд кубометрди түздү.
“Ал эми суу сактагычтын суу ресурстарын сактап калуу жана күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында Бишкек ЖЭБине жүктөмдү жогорулатуу жана Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергиясын өз ара камсыздоо пландалууда”, – деди Талайбек Байгазиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом