Бишкек-Ош унаа жолунун Төө Ашуу ашуусунда чоң жүк ташуучу унаанын чиркегичи (прицеп) кулап калгандыгына байланыштуу, тыгындар пайда болуп, каттам эки тараптуу бир кыймыл тилкесинен жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт минстрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жол тазалоочу атайын жол техникалар кээ бир зарыл иштерин аткара албай жатышат.
Министрлик бардык айдоочуларды эрежени сактоого, жол техникасынын жумушуна тоскоолдук жана тыгын кылбоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз