Төрага Нурланбек Шакиев Аксы районуна иш сапары менен барды

Төрага Нурланбек Шакиев Аксы районуна иш сапары менен барды

Төрага Нурланбек Шакиев Аксы районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу төраганын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык,  төрага алгач эле  Ак-Жол айылында курулган спорт залдын ачылышына катышкан.

«Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон учурда жергиликтүү эл тарабынан №20 Отунчу Ташкулов атындагы мектепке спорт зал салдырып берүү өтүнүчү айтылган. Ага ылайык, бардык керектүү шарттары менен камсыздалган спорт зал курулуп, бүгүн ишке берилди», -деп жазылат маалыматта.

«Куру сөздү азайтып, ишке өтүүгө мезгил келди. Мамлекетибиздин келечеги үчүн биримдикте иш алып баруубуз кажет. Өлкөдөгү жаңылануулар жумушсуздукту эмес, жумушчу күчүнө болгон муктаждыкты көбөйтүүдө. Айрыкча курулуш тармагында адистердин жетишсиздиги арбын болууда. Андыктан, чет жерде иштеген мекендештерибиздин өз жеринде татыктуу маяна алып, эмгектенүүсүнө өбөлгө түзүлүүдө»,- деген Нурланбек Шакиев.

Төраганы депутат Улан Примов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>