Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Чолпон-Атадагы кырсык. 16 жаштагы айдоочу камакка алынды
26.07.2023 | 15:32
Чолпоп-Атада эки адам каза болгон кырсыктан кийин скутердин айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, айдоочуга “этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси менен иш козголгон.
“Айдоочу 16 жашта. Кара-Ой айылынын тургуну. Ал убактылуу кармоочу жайына, соттун бөгөт коюу чарасы кабыл алынганга чейин камакта болот”, – деп жазылат маалыматта.
Буга чейин, Чолпон-Атада моторлуу кайыктын айдоочусу (скутер) үч адамды коюп кетип, экөө каза болгону маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом