Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Үч адамдын өлтүрүлүшү: Шектүү соттук отурумга алынып келди (видео)
26.07.2023 | 14:45
Бүгүн, 26-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Ашыралиевдин иши каралууда.
Бул иш боюнча биринчи соттук отурум 11-июлда өткөн. Анда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирген.
Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял уул-кызы менен киши колдуу болгон.
Кылмышка шектүү делип ЖК депутаттыгына талапкер болгон, УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган.
УКМКнын маалыматы боюнча Чынтемир Ашыралиев 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.
Кийинчерээк бул окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом