Төрт облустун милициясына жаңы жетекчилер дайындалды (тизме)

Төрт облустун милициясына жаңы жетекчилер дайындалды (тизме)

Бүгүн, 28-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министр өз сөзүндө Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган жагымсыз окуялардан улам айрым облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ротациялык түрдөгү дайындоолорду ишке ашырганын белгиледи.

Ички иштер министринин буйругу менен дайындалган жетекчилер өздүк курамга тааныштырылды. Алар:

— Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматына  милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин башчысы кызматын ээлеп келген;

— Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин башчысы  кызматын ээлеп келген;

— Ош облустук ички иштер башкармалыгынын  башчысы кызматына милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков дайындалды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы кызматын ээлеп келген.

— Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматына милициянын полковниги Орунбай Кочкоров дайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.

“Бүгүнтөн баштап өз ишиңиздерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп баштаңыздар. Анткени, жаңы жылдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде сактап, элге сервистик тейлөө көрсөтүп, кылмыштуулукка, ошондой эле ар түрдүү укук бузууларга жол берилбеши керек.

Ар бириңиздерди тажрыйбалуу кызматкер жана жооптуу жетекчи катары билем. Андыктан, сиздерге берилген аманатты аткарып, эл алдында таза жана чын дилден эмгектенип, буга чейинки орун алган кемчиликтерге жол бербестен, коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн кызмат өтөйсүздөр деп ишенем. Эгерде сиздер элдин ишенимин актабай, өз милдетиңиздерди так аткарбай, жүктөлгөн ишмердике салкын мамиле жасай турган болсоңуздар жаза катуу болот. Мындан ары бир дагы райондо же шаарда ушуга окшогон терс кесепеттер менен коштолгон орой кемчиликтерге жол берилбесин”, — деди Улан Ниязбеков.

Буга чейин Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар бир катар жетекчилер кызмат ордунан бошотулуп, айрым кызматкерлерге тартип жаза берилген. Мындан тышкары, Жалал-Абадда 12 милиционерге тартиптик жаза берилген.

Криминалды калкалаган: Нарында 22 милиционер тартип жазага тартылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>