Орозайым Нарматованын абалы айтылды

Орозайым Нарматованын абалы айтылды

Бишкек шаардык сотунун залында кечээ, 27-декабрда эсин жоготуп кулаган Орозайым Нарматованын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Reporter.kg‘ге Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Нарматова дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал кечээги окуяга чейин ачкачылыкты токтоткон.

«Орозайым Нарматованын абалы канааттандырарлык. Дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал ачкачылыкты токтотту», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Эскерте кетсек, 27-декабрда соттук отурум учурунда Орозайым Нарматова эсин жоготуп, кулап калган. Андан кийин Бишкек шаардык сотуна тез жардам кызматы чакырылган. Тез жардам кызматкерлери текшергенден кийин Нарматованы кайра №1 тергөө абагына алып кетишкен.

Нарматованын ден соолугуна байланыштуу соттук отурум токтотулуп, 28-декабрга саат 15:00го жылдырылган.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Орозайым Нарматова сот залында эсин жоготуп жыгылды — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>