Түрк инвесторлору Кадамжай сурьма комбинатына 50 млн доллар салууга даяр

Түрк инвесторлору Кадамжай сурьма комбинатына 50 млн доллар салууга даяр

Түрк инвесторлору Кадамжай сурьма комбинатын жана «Хайдаркан сымап» акционердик коомун калыбына келтирүүгө 50 миллион доллардан ашык инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзунун Борбордук комитетинин өкүлдөрүнүн инвесторлор жана ишканалардын жетекчилери менен жолугушуусунда белгилүү болду.

«Дува-Таш» ишканасы бул ишканалар менен кызматташууну баштады – өндүрүштүк цехтерде калыбына келтирүү иштери башталды, Ак-Таш жана Алтын-Жылга кендерин биргелешип иштетүү боюнча келишим түзүлдү, эмгек акы боюнча карыздар жана милдеттүү мамлекеттик төгүмдөр төлөнүүдө.

«Хайдаркан сымап комбинатынын шахтасынан суу чыгаруу үчүн атайын насостор буйрутма кылынган, кычкылтек цехинде, асфальт-бетон заводунда, сурьма комбинатынын кичи ГЭСинде иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле компания ишканалардын мейманканаларын, санаторийлерди жана амбулаторияларды капиталдык оңдоодон өткөрүүнү, ошондой эле социалдык колдоонун алкагында тейлөөчү жана негизги эмес тармактарга – тигүү цехтерине, тетиктерди жана жабдууларды чыгарууга жана айыл чарба тармагына инвестициялоону пландаштырып жатканы белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>