Түркияда кыргызстандык кызды бөтөлкө менен моюнун кесип кетти

Түркияда кыргызстандык кызды бөтөлкө менен моюнун кесип кетти

Түркияда Кыргызстандын 28 жаштагы жараны Айгүл (аты өзгөртүлдү, П.Т.) моюнунан жаракат алды. Бул тууралуу түркиялык «Хүрриет» маалымат агенттиги жазганын жергиликтүү басылмар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 17-январь күнү кечинде Стамбул шаарындагы мейманканада болгон. Айгүлдүн айтымында, ага 40 жаштагы Кенан (аты өзгөртүлдү, К.Т.) кол салган. Ал Кенанды 3 айдан бери тааный турганын, ортодо сүйүү мамилеси болгонун билдирди.

Ошондой эле окуя болгон күнү Кенан менен урушуп кетип, жуунганы кеткенин, ошол учурда Кенан сыранын бөтөлкөсү менен аны башка чаап, бөтөлкөнүн сыныгы менен моюнун кескенин айтты.

Айгүлдүн пикири боюнча, Кенан ага үйлөнгүсү келген, бирок сунушун четке кагып келгендиктен уруш чыгып турган.

Полиция Кенанды кармады. Бирок ал коюлган күнөөнү четке кагууда. Өзүнүн айтымында, Айгүл суицидге барган. Ал Айгүл менен көбүнчө мейманканада жолугуп келгенин, окуя болгон күнү сүйүктүүсү мас болчу экенин жана кызганычтан улам уруш чыкканын билдирди.

Кенандын айтуусу боюнча, кайым айтышуудан кийин Айгүл сыра куюлган стакан менен жуунучу жайга кирип кеткен, андан кийин стакандын сынганын уккан. Жуунучу жайга киргенде Айгүлдүн колундагы жаракаттарды көргөн. Ал Айгүлдүн колунан агып жаткан канды токтотууга аракет кылган, бирок сүйүктүүсү өзүнө жаракат келтирүүнү уланта берген. Ал өзү да жаракат алганын белгилеп, жалган көрсөтмө бергендиги үчүн Айгүлдүн үстүнөн сотко арызданууга даяр экенин айтты.

Тергөө уланып жатат.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>