Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Англия Кыргызстанга дагы 3 миң жумуш орундарын берет
11.02.2023 | 20:31
Англия кыргызстандыктар үчүн айыл чарба жумуштарына 3 миң квота берүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министрлик өткөн жылы Агро HR компаниясы менен келишим түзүп, 1,5 миң кыргызстандыкты Англияга жумушка жиберген.
“Учурда эки миң кыргызстандык алдын ала тандоодон өттү. Биздин бүгүнкү келишимибиз мекендештер үчүн квотанын санын 3 миңге жеткирүүгө мүкүнчүлүк түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Министрлик мындан сырткары, кыргызстандыктарды бир гана айыл чарба жумуштарына жиберүү эмес, тейлөө, туризм жана башка тармагын кароодо.
Англияга иштөө үчүн Кыргызстандан бир жылда канча адам кетти?
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом